Байлыкка жеткенимде бактылуу болуп кетемин деп, байлыкка жеткенде бакытын жоготкондор толтура…

Үйүбүз болсо баары сонун болмок-деп, иштеп жүрүп үй тапканда, үй-бүлөсүн жоготкондор да толтура…

Ошол эле учурда, тилекке каршы, Россияга барып акча табып келип үй салам дегендердин кээ бирлери, балким көптөрү өз түгөйүнө кыянат кылып, үйдөн да кымбат сүйүүсүн, ишенимин, урмат-сыйын, өмүрлүк жарын, үй-бүлөсүн, балдарын жоготуп алгандар арбып баратат… 

Бакыттын баары байлыкта же үйдө эмес, бакыттын баары ден-соолук менен үй-бүлөдө…

Бакыттын ондон тогуз бөлүгү ден-соолукта!!!

Кымбат үйүң же кымбат унааң болсо да, экөөндө тең жашабайсың. Адам эң биринчи өзүнүн денесинде жашайт. Мына ошондуктан дениң сак болсо баары табылат. Ден-соолукту этият кылыңыздар.

Пандемиянын эрежелерине баш ийиңиздер, достор….

Өзүңдү сактаганың, артыңда турган жакындарыңды жана мекениңди кошо сактаганың менен барабар. Мекенге кызмат кылам деген атуулдар, эрежелерди сактай берелери, ушунун өзү чоң кызмат. Башкалар менен теңелип эмне кыласыз, күчүбүз жетсе эскертели, болбосо урушпаңыз.

Ийгилик , Аллах баарыбызды оорудан сактасын, ооруп жаткандар айыгып кетсин…

Идирис Айтбаев, төкмө акын