Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров «Аль-Жазира» («Al Jazeera») телеканалына берген маегинде билдирди.

- Тарапташтарыңыз сизди абактан бошотуп, андан кийин премьер-министр болдуңуз. Мурдагы президент Атамбаевди да тарапташтары бошоткон, бирок ал азыр кайрадан камалды. Көпчүлүк адамдар бул жагынан карама-каршылыкты көрүүдө. Бул факт боюнча эмне айта аласыз?

- Элдин 100 пайызы менин саясий куугунтуктан улам абакта отурганымды билет. Менин кылмыш ишимде эч нерсе жок. Чет өлкөдө жүргөндө мага Каракол шаарында губернатор менен Жети-Өгүз районунун тургундарынын ортосунда болгон окуяны жармаштырып коюшту. Мен чет өлкөдө болчумун, бирок муну мага илип коюшту. 2017-жылы Кыргызстанга кайтып келгенде Атамбаев мени уюштуруучу катары түрмөгө отургузуп койду.

Атамбаев чынында кылмыш кылды. Ал криминалдык авторитет Батукаевди мыйзамсыз бошотуп, ал үчүн жоопкерчиликке тартылган. Кой-Таштагы окуялар боюнча, ал аскер кызматкерине ок аткан. Бул үчүн аны колго түшүрүштү. Кечээ абалды туруксуздаштырып, бийликти күч менен басып алууга аракеттенди, ошондуктан аны кайра кармашты. Менин күнөөм жок, муну судьялар, прокурорлор билет. Ошондуктан соттор мени бир күндө актап, чечимди колума карматышты.

Булак: Баракелде