Ага экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алтынбек Сулайманов, Дастан Бекешев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева, белгилүү коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер, укук коргоочулар катышууда.

Жыйында 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылышына алып келген себептер жана жагдайлар, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча сунуштар талкууланууда. Шайлоонун ыплас өтүшүнө себеп болгон негизги жагдай катары №2 форманын өтө көп колдонулушу, атаандаштык шартын түзүүгө жети пайыздык шайлоо босогосу жана беш миллиондук күрөө тоскоолдук болгону айтылды.

Шайлоодон кийин Бишкекте нааразылык акциясы өтүп, башаламандык башталган. Анын натыйжасында өлкөдө бийлик алмашты.

Булак: Азаттык