Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы өлкөнүн бажы тармагындагы коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөөнү улантууда. Анда бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана башка жооптуу кызматта иштегендердин катыштыгы каралып жатат. 

УКМК билдиргендей, тергөө органдары тарабынан Матраимовдун айланасындагы 40ка жакын адам жогоруда аталган коррупциялык схемага аралашкан деген жүйө менен аныкталган. 

Учурда ал адамдарды кайда экени аныктала элек. Алардын коррупциялык схемага аралашканын тактоо боюнча активдүү иш чара жүрүүдө.