"Мени бул кызматка кимдир бирөө алып келген жок, мени эл дайындады", - деди Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында. Эске салсак, ал бүгүн УКМКнын төрагалыгына дайындалган. 

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектерден мурун мен бир да мамлекеттик кызматта иштеген эмес элем. Бирок иштеп баштагандан жарым жылдан кийин биринчи жыйынтыктарды көрсөттүм, эки жылдан кийин ошол кездеги өкмөт курамындагы эң таасирдүү министрлердин бири болдум. Бул сапар да ошондо болот", - деди Камчыбек Ташиев.