Өкмөт үйүнүн алдындагы митингге катышуучулар тарашты. Кечээтен бери кайрадан өкмөт үйүнүн алдына жыйналган көпчүлүк президенттин отставкасын, парламенттин тарашын талап кылышкан. 

Биринчи талаптары аткарылып Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүү тууралуу арызын жазды. 

Ошондой эле, митингчилер Садыр Жапаровдун президенттин милдетин аткаруучу болгонун кубануу менен кабыл алышты. 

Ошону менен митинг соңуна чыкты.