Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын алдына чогулган премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапкерлери президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кеткенине карабай нааразычылык акцияларын улантышууда.

Учурда митингчилер парламенттин таркатылышын жана Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.

Мейманкананын балконунда "Бизге 120 депутаттын кереги жок" жана "Президентибиз Садыр Жапаров" деген плакаттар илинген.

Булак: vesti.kg