Жактоочу Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу үчүн Аскер прокуратурасына кайрылды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Жоошев өзү билдирди.
«Кечээ Аскер прокуратурасына райондук соттун чечимин аткарбай, Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарбай жаткан кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн арыз жаздым», - деди Жоошев.
Булак: Баракелде