- Президентти кызматтан кетүүгө чакыргандар өлкөнү коркунучка кептеп жатабы?
- Кээ бир саясатчы сөрөйлөр, тескерисинче, президентти Жапаровго жана анын прогрессивдүү командасына каршы коюп, өлкөгө бүлүк салганга жан талашып аракет кылып жатышат. Өкүнүчтүүсү алардын арасында кечээ эле өлкөнүн жооптуу кызматтарын ээлегендер дагы болууда. Демек, алардын дагы ниеттери бузук экен. Буга чейин өтө чеберчилик жана жүзү каралык менен ички арамдыктарын жашырып келишиптир! Президентти бузуп Жапаровго каршы койгондор, негизинен, уурулар, паракорлор, же жалпысынан эле коррупциянын атамандары! Эми буларды карапайым эл соо койбойт го. Ар биринин үй даректерин тактап жүгүрө башташыптыр! Ушул уурулар эле 30 жылдан бери чардап келишпедиби? Эми тынчып отура алышпай, көнгөн адаттарына салышып, элди эки жакка бөлүп согуш чыгарганы турушат. Токтоткула мындай бузукулуктарыңарды деп айтам, мен! Эл эркиндикте, адилет жашоого татыктуу!
- Каныбек агай, кырдаалдан чыгуунун жолу жаңы шайлоо жарыялообу?
- Ооба. Бирок, азыркы жол менен кетсек эч бир оң натыйжа бербейт. Конституциялык реформа керек. Бийлик элдин колуна өтүүсү абзел. Аткаруу бийлигин президент өзү колго алып, керт башы менен жооп бериши керек. Башка варианты - чыныгы парламенттик өлкө. Анда башкы фигура премьер менен парламент болот. Адилет жана ийкемдүү башкаруу системасын курабыз. Ошондуктан, Садыр Жапаров 2 ай сурап жатат. Бул туура кадам. Ошону дагы көрө албай бузукулар чаңтополоң кылып жатышпайбы!
- Баса, Алманбет Шыкмаматов айткандай неге 5 жыл мурун кворуму жок эле иш кылган Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровго келгенде кворум болбой калды. Анын премьер-болушу мыйзамдуу эмес деп чыга башташты?
- Анткени, Садыр Жапаров ууру-коррупционерлердин тамагына тыгылган кылкан, баштарына кезелген айбалта жана жүрөктөрүнө кадалган найза болуп турат. Ал эми жегичтердин эч кимисин аябайт. Аны баарыбыз колдойбуз. Элдин жакырчылыгы жеткен жерине жетип, уурулар байып, кутуруп кетишти. Ошону сезген бийлик жан талашып, кворум деген балакетти ойлоп таап ошого жармашып жатышат. Анда мурдагы 20-30 депутат кнопкаларды басып, добуш берген мыйзам, токтомдорду жокко чыгарышсын дагы алган айлыктарын казынага кайра кусушсун. Анан көрөбүз. Кантип сайрай башташат экен. Депутаттар өздөрү кворум түзбөй качып жүрүшүп, анан, кворум жок деп айкыргандыктары бери эле дегенде кылмыштуулук. Катуу айта турган болсом ал кылыктары элге кылган чыккынчылыктары. Ал эми эл болсо, андайларды тез эле ордуларына коюп койгонун көрүп эле келе жатпайбызбы.
Булак: "Майдан.kg" газетасы