Алманбет мырза, абал турукташтыбы?
- Кырдаал аз болсо да турукташып келе жатат, бирок дагы түрдүү интригалар токтобосо, Кыргызстан кыйроо алдында турат. Ошондуктан, учурдагы эң башкы маселе тынчтык жана туруктуулук. Президент менен Садыр Жапаров тирешпей, бир столго отуруп, сүйлөшүшү керек. Аларга Роза Отунбаева арбитр болуп бере алат деп ойлойм.
- Баса, Садыр Жапаровду премьерминистр кылып шайлап алышып, бирок кворум болбой калды деп жатышат го?
- Садыр Жапаровду шайлашты. Эми “кворум жок” деп атышат, алтынчы чакырылыш беш жыл бою эле кворумсуз иштеп келген. Бул элдин баарынын эсинде. Мурда унчукпай жүрүп эле, эми кворумду көрө калыштыбы?! Ошондуктан, азыр папка бөлүштүрүү, кландашып мушташуу эмес, азыр эң башкысы-– тынчтык жана туруктуулук. Бизде азыр эки саясий фигура бар: президент менен премьер. Тагыраагы, артында миңдеген адамдар турган премьер-министр бар. Мен муну шайлоо учурунда эл кыдырганда көрдүм. Бардык жерден “Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгарасыңарбы?” деген суроону берип жатышты. Эми тараптар тирешпей сүйлөшүү менен шайлоонун маселесин чечүүгө тийиш экенин, учурдагы эң маанилүү – парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча сүйлөшүүсү зарыл.
Булак: "Майдан.kg" газетасы