Бул маалыматты Кадырбек Атамбаев социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган.

«Садыр Жапаровго учурда эл тарабынан чоң колдоо болуп жатканын жана ага чоң ишеним артылгандыктан жаңылууга укугу жок экенин жеткирдим. Ал баарын башынан баштаганга даяр экенин айтты. Андыктан өлкө үчүн ушундай кыйын убакта кризис-менеджердин жоопкерчилигин алса, Жээнбековдорду сүрүп чыгарууга даяр болсо, анда аны колдоо зарыл», - деп жазган Т.Султанбеков.

Ал үй камагына кечээ чыгарылган.

Булак: Баракелде