Бүгүн, 14-октябрда расмий түрдө премьер-министр кызматына бекиген Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөргөн. Анын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасы тууралуу суроо узатылды.
«Тарапташтарымды мен чакырган жокмун. Ал менин эле тарапташтарым эмес, бүткүл кыргызстандыктар деп билсеңиз болот. Анткени кыргызстандыктардын талабы – президент кетсин, шайлоо жокко чыксын деп келип жатышат. Анан Садыр Жапаровду отургузуп келели деген талап менен чыгып жатышат.

Мен азыр бул жерден чыгып, президентке барып жолугам, сүйлөшөм. Бул маселени чечебиз, бүгүн аягына чыгабыз. Өлкөдө стабилдүүлүк болуш керек, эл тынч жашаш керек, экономика ылдый түшүп кетпеш керек», - деди Жапаров.

Ал журналисттин тактоочу суроосуна маселе бүгүн чечилиши керек экенин кошумчалады.

«Менин оюмча, эң биринчи келишимге келишибиз керек. Ал мыйзамдуу жолго салып, арызымды жазып кетейин, «экс» бойдон калайын деген. Мен ошол чечимди сунуштайм. Анан кандай кабыл алат, ал өзүнүн иши», - деди Жапаров.

Булак: Баракелде