Президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү же калуусуна байланыштуу коомчулукта кайчы пикирлер жаралууда. Коомчулуктун бир бөлгүгү кетишин талап кылса, басымдуу көпчүлүгү коомдук-саясий абал турукташып, өлкөбүз мыйзамдык талаага түшкөнгө чейин кетпеши керектигин айтышууда. Бул маселе боюнча саясатчы, серепчилер да өз пикирлердин билдиришти.

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “ПРЕЗИДЕНТ КЕТСЕ, ӨЛКӨ УКУКТУК “АҢГА” КЕПТЕЛЕТ 

- 5-октябрда митингге чыгышкандардын талабы эмне эле? Шайлоонун жыйынтыгын гана жокко чыгарууну талап кылышкан. А бирок натыйжада укуктук вакханалия орун алды. Бүгүнкү күндө Сооронбай Жээнбеков отставкага кетпеши керек. Ансыз өлкө укуктук “аңга” кептелет.

Мелис Мырзакматов, Ош шаарынын мурдагы мэри: “ПРЕЗИДЕНТ ГАНА ТЫНЧТЫКТЫ ОРНОТО АЛАТ!” 

- Кыргызстандын көп улуттуу эли Сооронбай Жээнбековдон даанышмандыкты жана өлкөнүн тагдырына болгон жоопкерчиликти күтөт. Азыркы учурда Президент гана өлкөдө тынчтыкты жана тартипти орното алат. Кыргызстанда стабилдүүлүк болмоюнча президент кызматтан кетпеши зарыл. Бул бүгүнкү күндө жалпы кыргыз элинин талабы.

Улукбек Маматаев, саясий серепчи: “ПРЕЗИДЕНТТИ МЫЙЗАМДУУ ЖОЛДО АЛМАШТЫРУУНУ ҮЙРӨНӨЛҮ!” 

- Кошуна өлкөлөр үчүн президент С.Жээнбековдун мөөнөтүнүн аягына чейин иштегени керек. Кошуналарыбызга Кыргызстандагы стабилдүүлүктүн болушу зарыл. Ага бир катар себептер бар: биринчиден, экономика маселеси. Президент кызматтан кетсе, көптөгөн экономикалык макулдашуулар ишке ашпай, инвесторлордо кооптонуулар жаралат. Бул жагдай сөзсүз түрдө биздин экономикага таасир этет. Анан бийликте узак отургандар төңкөрүштөрдү, бийликтин күтүүсүздөн алмашууларын колдоого алышпайт. Кыргыз коомчулугу ошону түшүнүшү керек. Биз эски ыкмалар менен иш алып барганды токтотушубуз кажет. Акыл эстүү, мыйзамдуу жол менен президенттерди алмаштырууга үйрөнөлү. Ансыз мындай көрүнүштөр нормага айланып, ал биздин экономиканы биротоло кыйратып, жок кылышы толук мүмкүн.

Эмил Жороев, саясат таануучу: “ПРЕЗИДЕНТ ДИАЛОГ ТҮЗӨ АЛЧУ ЖАЛГЫЗ АДАМ”
 

- Эгерде президент азыр шашылыш түрдө бийликтен кетип калчу болсо, анда Кыргызстанда жемиштүү диалог болушу да өтө кыйын, көп тараптуу сүйлөшүүлөр да эч кандай жыйынтык алып келбейт. Кайра тирешүүлөр күчөп, күн сайын ары тартуу, бери тартуу боло берет. Президент диалогго өзүнүн легитимдүү статусун кошушу керек. 

Марс Сариев, саясат таануучу: “ПРЕЗИДЕНТ КЫЗМАТТАН КЕТСЕ ТАКЫР ЭЛЕ ХАОС БАШТАЛАТ!” 

- Азыр аябай коркунучтуу учур болуп жатат. Ошон үчүн президент бийликтен кетсе, анда такыр эле хаос башталат. Баары легитимдүү эмес. Ошол себептен, президент жана Жогорку Кеңеш өзүнүн ордуна калышы керек, чогулуп бардыгын легитимдүү кылмайынча. Бардыгы легитимдүү болушу керек.

Жумагул Сааданбеков, мамлекеттик жана коомдук ишмер: “ПРЕЗИДЕНТТИН КЕТИП КАЛЫШЫН ТАРЫХ КАЙДЫГЕРЛИК ДЕП БААЛАЙТ” 

- Азыр С.Жээнбеков моралдык легитимдүүлүгүн жоготуп алды деп жатышат. Эки айдан бери Белоруссиянын президенти А.Лукашенко Батыштын күчтөрү жана ички душмандар уюштурган көчө демократиясы менен каармандыкта кармашууда, ал өзүнүн моралдык легитимдүүлүгүнө кол шилтеп салган жок. Бул эң туура. Кеп суверенитетти жана мамлекеттүүлүктү сактап калуу, улуттун түпкү кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө жүрүп жатканда, тарых моралдык факторду эске алат. Президент С.Жээнбеков “кызматтан кетүүгө даярмын” деп билдирди. Анчалык эмне болуп кетти? Минскиде эки айдан бери, Гонконгдо дээрлик бир жыл митингдер токтобой жатат. Арийне Лукашенко, Си Цзиньпин отставкага кетүүнү ойлошкон жок. Лукашенко Конституциялык реформа боюнча бүткүл элдик референдум өткөрөм, ошондон кийин гана парламенттик жана президенттик жаңы шайлоо болот деп билдирди. Биздеги кырдаал ушундай кадамдарды талап кылбайбы? Сооронбай Шарипович, Сиздин ыктыярдуу отставкаңыз, тагыраагы кооптуу мезгилде майдан талаасынан кетишиңизди эл жана тарых кайдыгерлик деп баалайт. Бүгүнкү күндө мамлекетибиз толук кандуу стабилдүүлүккө келиши үчүн, укуктук талаага кайтышы үчүн өлкө башчысынын өз ыйгарым укуктарын улантуусу зарыл. Чоң сыноодон өттү, элибиз да, мамлекетибиз да сыналды. Эми мындан ары чагымчылдардын, бийликти гана көздөгөндөрдүн куралы болуп калуудан сактаналы. 

Шайырбек Абдырахман, журналист: “ӨЛКӨНҮ ЖАРДЫН КЫРЫНА ИЛИП КОЮП КАЙДА КЕТЕСИЗ?!”

 - Президент Сооронбай Жээнбеков кетет дегенди окудум. Урматтуу Сооронбай Шарипович! Кайда кетесиз? Эмнеге азыр кетишиңиз керек? Көчөнүн кейпин болсо көрүп турасыз? Балдарыбыз болсо онлайн окуйт, а мүмкүн окубай деле калышты. Мектептер иштебейт. 6-чакырылыштын депутаттарынын кебетеси тиги. Анын үстүнө кашайып аларда жоопкерчилик да жок экен. Элдер айтып жаткандай алдыда кыш келатат. Талоончулук чыгып кетпесин деп, коркконунан көпчүлүк бизнес борборлор, дүкөндөр, жеке ишканалар жабылышты, же болбосо сактанышып иштеп калышты. Айтмакчы баягы шайлоонун жыйынтыгы деген маселе экинчи планга өтүп кетти. Эмне болду ошондо? Шайлоо деген түшүнүк ушуну менен бүтөбү? Жок, эгер андай эмес болсо качан болот? Анан анын аягы кандай болот? Мурда сатып алды деп чуулдадык, эми атып алды болбойбу? Өлкөнүн абалы кандай болот? Сиз так ушул маалда “кой менен айтып койдум эле”- деп кетип каласызбы? Сиз азыр ошол сөзүңүздү артка ала турушуңуз керек! Кетүүгө качан болсо да үлгүрөсүз. Так ушул маалда кетип калганыңыз туура эмес! Азыр тескерисинче элибиздин, өлкөбүздүн бейпил турмуш кечирүүсүнө жардам беришиңиз зарыл! Бул өтө кыйын иш. Сиз көмөктөшүңүз! Алдыдагы келе жаткан шайлоодо бардык амбициялардын ортосуна калыс туруп беришиңиз керек? Ким кепил болот, мындан да чоң нааразычылык чыкпасына? Ким кепил болот, шайлоодо үгүт иштеринин тынч өтүүсүнө? Эртең партиялар, лидерлер эки экиден кырды бычак болуп, өчөгүшүп жатып калышса анын аягы эмне болот? Ошондо кимди угушат алар? Андыктан азыр кетем дебей туруңуз! Шайлоолор өтсүн, болгондо да демократиялык принциптер жоголбой өтсүн, бийлик бутактары калыстык менен куралып, жаңы парламент иштесин. Өлкө стабилдүүлүк менен келечекке карай жол алсын. Андан соң мен кеттим деп кетип калсаңыз жарашат! Азыр кетениңиз туура эмес! 

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “ПРЕЗИДЕНТТИКТИ ТАЛАШКАН САЯСИЙ КҮЧТӨР КЫРДЫ БЫЧАК БОЛУП, ӨЛКӨДӨ ХАОС БАШТАЛАТ”

 - Биз жакынкы 5-6 күндүн ичинде эмне болдук, эмнени гана көргөн жокпуз. Премьерликти талашып, кагылышып, сабашып, ок атышып кеттик. Азыр президенттик шайлоо талашка түшсө автоматтар менен чыгып кырылышып калбайлы? Садыр Жапаров премьерликке каниет кылып, биринчи кезекте, мыйзам чегинде, парламенттик шайлоонуу өткөрүп, туруктуу парламент, туруктуу өкмөт куруу тууралуу ойлонушу керек. Кудай айтса президенттик качпайт. Хаос болбош үчүн жаңы парламент, жаңы өкмөт маселесин чечкенден кийин гана, анан президент маселесин чечели. Антпесек туңгуюктан чыга албайбыз. Сооронбай Жээнбековдун отставкага азыр кетем деген сөзү орунсуз, жоопкерчиликсиз айтылган, эмоцияга алдырган таарынычтын сөзү. Президенттикти талашып кызыл-жаян болсок жоопкерчилик Сооронбай Жээнбековго жүктөлөт. Биз 30 жыл бою «президент баарын чечет, бирок эч нерсеге жооп бербейт, премьер козел отпущения, президент англия королевасындай, көп нерсеге кийлигишпей отурсун»- деп келгенбиз. Мына азыр ошондой жагдай түзүлдү. Эрктүү премьер келди. Жоош президент да турат. Баш мыйзам боюнча ыйгарым укуктары президенттикинен көп. Иштеп көрсүн, алды менен биринчи кезекте саясый туруктуулукту камсыздап, мыйзамдуу жол менен адилет, калыс парламеттик шайлоону өз убагында өткөзүп, мыйзамдуу парламент, мыйзамдуу өкмөт куруп берсин. Көргөзсүн өзүн. Андан кийин анан президенттик тууралуу ойлонолу. Мамлекеттүүлүк , элдин коопсуздугу биринчи орунда. Шашылбайлы урматтуу мекендештер! 


Булак: "Майдан.kg" газетасы