Бүгүн, 14-октябрда расмий түрдө премьер-министр кызматына бекиген Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны өттү.

Анын жүрүшүндө Раим Матраимов тууралуу суроолор узатылды. Садыр Жапаров такталбаган маалымат боюнча Раим Матраимов өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткенин айтты.

Журналист: - Камалат деп так кесе айтпадыңыз беле? Кылмыш иши козголдубу азыр?

Садыр Жапаров: - Билбейм, мындай баш аламандыктар менен жүрбөйбүзбү, ага мен жете элекмин. Сөзсүз түрдө кылмыш иши козголот, күнөөсү болсо камалат. Кылган ишине жооп берет.

Эгерде мамлекеттин кармап келем деген ниети болсо, Африкада болсо деле кармап келет. Ага эрк, анан чечкиндүүлүк, коррупцияга аралашпаган буйрук керек.

Булак: Баракелде