Бул тууралуу журналисттерге Камчыбек Ташиев билдирди.
«Кабыл алынган токтомдор тийиштүү деңгээлде толтурулду. Президенттин Жогорку Кеңештин Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн программасын, структурасын жана курамы жөнүндө токтомун бекитүүсүн күтүп жатабыз», - деди ал.
Ташиев президенттин кол коюусун күтүп турууну жана ошондон кийин Садыр Жапаров журналисттерге чыгарын айтты.
Ташиев президент азыркы абалды эске алып токтомду 3 күн карабай турганын божомолдоду.
Журналисттер андан Өкмөттүн аппаратында кайсы кызматта экендиги тууралуу суроо узатышты.
«Мени баары билет. Мен Камчыбек Ташиевмин», - деди ал.
Ал кандайдыр бир кызматты ээлебей турганын кошумчалады.
Булак: Баракелде