Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу: “АИДА КАСЫМАЛИЕВА ӨЗҮ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИН 

БУЗДУ” - Депутат Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин Садыр Жапаров боюнча кабыл алган чечимин легитимдүү эмес деп жарыялап, өзүн туура эмес жактан көрсөтүп алды. Касымалиева өзү да Жогорку Кеңштин регламентинин бир катар беренелерин бузган. Ал беренелер төмөнкүлөр: “144-берене. 1-пункт – Жогорку Кеңештин ар бир депутаты өз ыйгарым укуктарын аткарып жатып жеке жана коомдук кагылыштардан качууга милдеттүү (андан ары кызыкчылыктардын кагылышынан). 2-пункт - Кызыкчылыктардын кагылышы жаралса, депутат өзүн депутаттык этика Кодексине ылайык алып жүрүшү керек. Депутат анын адилеттүүлүгү коомчулукта шектенүү жаратпай турган кадамдарга барышы керек, коомчулук да анын адилеттүүлүгүнө ишенгидей болсун. 3-пункт -Ар кандай маселелер каралып башталганга чейин же ал Жогорку Кеңештин, комитеттин, депутаттык комиссиянын жыйынында каралып жатканда бул маселеге жеке кызыкчылыгы бар депутат кызыкчылыктар кагылышы тууралуу жыйындын төрагасын кабардар кылып, андан аркы талкуудан жана добуш берүүдөн четтеши керек”. Ошол эле регламентке ылайык депутат, ушундай оор кырдаалда эл алдында жана өзүнүн шайлоочуларынын алдында жоопкерчиликтүү. Кворум тууралуу талаша турган жагдайлар көп. Жыйынга калгандары катышпай, бирок ишеним кат беришкен болсо, анда чечим юридикалык күчкө ээ болот. Анткени, депутаттардын катышпай калганынын себеби айкын - коркутуу, аңдуу, оору жана башка фарс-мажорлор. Кандай болсо да мыйзам алдын ала регламент боюнча комитетти телефонограмма аркылуу кабардар кылып, ишеним кат аркылуу добуш берүүгө жол берет.

 Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: “САДЫР ЖАПАРОВГО МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРИЛГЕНИ ТУУРА, АЗЫР АР БИР КҮН КЫМБАТ!” 

- Туугандар, ошол МЫЙЗАМ кулап, жерге оонап жаткан 6-октябрдакайда элеңер? Ошол МЫЙЗАМДЫ коргойбуз деп ур-токмокко кабылып, аргасы да жок, айласы да жок милиция кызматкерлери четке чыга берген учурда кайда элеңер? Коргобойт белеңер МЫЙЗАМды ошондо, колдобойт белеңер милиция кызматкерлерин ошол түнү жанында туруп, дем берип... интернеттен, ютубдан көрүп тамаша кылып отурбай ... Туугандар, ошол ШАЙЛОО деген ТАНДОО болбой эле АКЧА менен КАРА КҮЧТҮН оюну болуп жатканда кайда элеңер? Коргобойт белеңер ошондо МЫЙЗАМ дегенди, токтотпойт белеңер ошондо ошол «беспределди»... Мындан бир нече эле күн мурда МЫЙЗАМ деген жок болуп, жерге тебеленип, өлкөдө башаламандык болуп жатканда кайда элеңер? Дымыңар чыкпай жаттыңар го ошондо... Ошол күндөрү чыгып МЫЙЗАМДУУЛУККА тикеңерден тик турбайт белеңер... Эми түштөн кийин “БААТЫР” боло калыш оңой... айрыкча смортфон же компьютерде отуруп алып ойду-тоону жаза берсе боло берет... Бирок ЖАШОО ЧЫНДЫГЫ деген нерсе да бар... Ал ЧЫНДЫК өтө ачуу дагы, катаал дагы, оор дагы болот... Ал ЧЫНДЫК дайыма эле ар бирибиз каалагандай болбойт... дайыма эле акыйкат, адилет болбойт... Ошондуктан, урматтуу туугандар, бүгүнкү күндүн чындыгына карап иш кылалы, жөнү жок бүйүр кызытып, жөнү жок элди чайпап-толкута бербей алдыга жылалы деген сөздү айтып жатам... “Легитим-нелегитим”, “кворум-сворум” деген оюндун арты жакшы болбойт... уламдан-улам тумандатып бара жатабыз... Кырдаалды эске алып сүйлөсөк дейм. Эки күн мурда Кудай өзү сактап аянттагы башаламандык кызыл-кыргынга жеткен жок. Арстанбек акын айтмакчы “замана устаранын мизинде оодарылып турат”, бир жагыңан коронавирус, экинчи жагыңан кырчылдап кыш, үчүнчү жагыңан мамлекеттин чөнтөгү тешик... эң башкысы элдин жону жука быйыл, вирустун азабынан өксүп калды, шапар тээп жашай турган учур эмес, мурдубузга карай бышкырганыбыз оң... Ошондуктан тезинен Садыр Жапаровду бекитип, Өкмөткө иштөөгө мүмкүнчүлүк берилгени туура, азыр ар бир күн кымбат. 

Айбек Мырза, жарандык активист: “ӨЛКӨДӨ ООР АБАЛ ЖАРАЛГАНДА, ЖЫЙЫНГА КАТЫШПАЙ КОЙГОНДУ МАКТАНЫЧ КӨРҮҮ - ЧЫККЫНЧЫЛЫК!” 

- Урматтуу депутаттар! Урматтуу фракция лидерлери! Мамлекетте оор абал жаралып, күн тартибинде өзгөчө абалды бекитүү каралып жаткан учурда эч кандай жоопкерчилик албай, “квором кылбай койдук” деп мактануу чыккынчылыкка тете. Сиздер Жогорку Кеңештин жыйынына келип альтернативдүү талапкер деле көргөзсөңүздөр болмок. Жоопкерчилик албай, алгандарды куру жалак сындоо жигитчиликке да жатпайт, алсыздык. Мамлекеттүүлүктү жеке кызыкчылыктан, бийлик талашуудан, бөлүнүп-жарылуудан өйдө койууну суранат элем. Мүмкүн маселенин баары шайлоо системасын, партиялык мафияны, кен-байлыктарды эч өзгөрүүсүз калтыруу аракети болуп жүрбөсүн? 

Руслан Бекназаров, жарандык активист: “ЖАШЫНГАН ДЕПУТАТТАР, СИЛЕРДЕ “ЖҮРӨК” БАРДЫГЫНА КҮМӨНҮМ БАР” 

- Кыйын кырдаалда эң жайлуу дачаларына, жашыруун жайларына качып кетишкен ЖК депутаттары! Баары тынчып, өз нугуна түшкөнү турат. Эми келип күмөн жаратып жаткан мыйзамдуулукка чекит коюп, оор абалда эл алдында жүргөн С.Жапаровдун өкмөтүн бекитип бериңиздер. Күмөн болбосун. Сиздерден эр жүрөктүүлүктү талап кылган эч ким жок. Силерде “жүрөк” бар экенине күмөнүм бар. Буга чейин деле келчү эмессиңер, ордуңарга башка бирөөлөр “кнопка” басып койчу эле. Ушундай кырдаалда аны дагы жасай албадыңар. Ушунчалык дагы аңкоо, кайдыгерсиңерби?! Ошол “куйругун кыпчып жаткандар” эми чыгып, “арстандай арылдаса” таң калбайм деле. Бирок бүгүнкү кырдаал Садыр Жапаровдун өкмөтүн күмөнсүз легитимдештирүүнү талап кылат. 

Кубатбек Айбашов, журналист: “ЭЛ! КӨРҮП АЛ! СИЛЕР ЭЭРЧИГЕН САЯСАТЧЫЛАР ӨЛКӨ ТАГДЫРЫНА КҮЙГӨНДӨРДӨН ЭМЕС!” 

- Эл! Көрүп ал, силер ээрчип, укуктук башаламандык кылган адамдар өлкөнүн тагдырына күйгөн улуттук деңгээлдеги саясатчылар эмес! Алар регионалисттик идеяларга чылк сугарылган, тар кызыкчылыктагы келемиштер! “Жаңы муун, жаштар” деп үмүт арткан “Реформа” партиясынын лидерлери да кыйчалыш учур келгенде ошондой мүдөөнү тандайт. Клара Сооронкулова баштаган бир топтору шайлоодо кыйкырган идеяларын жыйыштырып коюп, бул катарда турат. “Кардиналдуу реформаларды жасайбыз, өлкөнү алдыга жылдырабыз” деген «Республика» партиясынын лидерлери да регионалисттер. Өмүрбек Бабанов, Руслан Казакбаев, Алтынай Өмүрбековалар ыңгайлуу учурду көзү кызара күткөндөр. “«Калыс, элдик саясат жасайбыз” деген «Замандаш» партиясынын лидерлери да өз учурун күткөн чөөлөр. Жеңиш Молдокматов кырдаалдан пайдаланып маскасын алмаштырган эки жүздүү. Ар кайсы партияга кирип алып бийликке жутунган башкалар да канында жердешчилик ойноп турганын көрдүңөр. Тилек Токтогазиев, Рыскелди Момбеков сыяктуулар да ичинен былгыган сасыткылар. Булардын башкы максаты бийликти башка региондон өз регионунун балдарына алып берүү экен. Сооронбай Жээнбеков, Раим Матраимов, Мелис Мырзакмтовдорду эч качан калыс, улуттун бүтүндүгү үчүн жан берет деп айта албайм. Алар да ушулардын бири - чириген регионалисттер! Бизге улуттун, мамлекеттин бүтүндүгү зарыл! Ошондуктан эки тарапты тең колдоп, жаатташпагыла. Калыс болгула! 

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: “КУЛОВДУН КЫСКА ЭСТУТУМУ...” 

- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 1-бабында «Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат»- деп турат. Кыргызстандын элинин кемитип айтсам бери дегенде 80 пайызы “Садыр Жапаров бийлике келсин”- деп дүркүрөп турушту. Демек Садырды Кыргызстандын эли шайлады. Ф.Куловго окшогондор ар нерсени айтып жаңы тынчып келаткан элди дүрбөткөнү чеки иш. Кулов өз башынан өткөндү унутуп калдыбы. Акаев аны чыккыс кылып түрмөгө тыгып койгондо эл түрмөдөн сууруп келип ПМ кылып отургусуп койбоду беле. Ошондо баары мыйзамдуу болду беле. Текшере салгыла. Деги эле бири да мыйзамга туура келбеген иштер болбоду беле. Адамда эс тутум кыска болот экен да. 

Турсунбек Акун, укук коргоочу: “ЭЛДИН КӨҢҮЛҮ САДЫР ЖАПАРОВГО ТҮШҮП ТУРАТ” 

- Кыргызстанда абал оор бойдон калууда. Кыйын кезде саясатчылар, эл тааныган адамдар биригип, стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө аракеттенүү керек. Бирок тилекке каршы, кээ бир саясатчылар: Атамбаев, Бабанов, Текебаев, Исаков ж.б. эл тарабынан колдоого алынган Садыр Жапаровго каршы иштерди баштады. Жүздөгөн адамдарды кечээ аянтка алып келишип, Жапаровдун тарапташтары менен кагылыштырганга аракеттеништи. Бул спектаклдин артында Текебаев турганын жакшы билем. Эки тараптын кагылышуусун каалашты эле, ал болду. Атамбаев менен Бабановду эл кууп чыкты. Бул алардын элден чыгып калганынын белгиси. Бизде азыр эң чоң маселе элди тынч жашоого кайтаруу болууга тийиш. Элдин баары: түндүк жана түштүк экенине карабай саясий жана коомдук ишмер Садыр Жапаровду колдоп жатат. Ал колдоого татыктуу инсандардын бири. Атамбаевдин убагында камалды, канча азап-тозокту көрдү. Садыр Жапаровдун мээнетин эли баалап, ага көңүлү түшүп турат.


Булак: "Майдан.kg" газетасы