Матраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын убактылуу камоочу жайына киргизилди. Эки күн мурун Матраимов жана анын жансакчылары Зиябиддинбек Кочкорбаев, Махсуд Ахмедов кыргыз-өзбек чек арасын дарыя аркылуу мыйзамсыз кесип өтүүдө кармалган. Аларга “Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү аракети”- беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Буга чейин УКМК тараткан маалыматта депутат Искендер Матраимовдун уулу да чек арадан өтүүдө кармалганы кабарланган. Бирок азырынча атайын кызмат ал кайда экени боюнча маалымат бере элек. М а т р а и м о в д о р д у н үй-бүлөсү Кыргызстанда таасирдүү деп эсептелет. Алардын арасынан эң эле белгилүүсү бул – КР Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов. Ал эми Тилек Матраимов анын иниси. Ал КараСуу районун 2012-жылдан тарта башкарып келген. 6-октябрда Кара-Суу районунун администрациясынын алдына шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тургундар чогулган. Алар акимдин кетишин талап кылып, имаратка кирип барышкан. Жыйынтыгында акимдин убактылуу милдетин аткаруучусу болуп Руслан Маматов болгондугу кабарланган. Маматов Матраимов менен телефон аркылуу байланышуу аракетинен майнап чыкпаганын айткан. Ошондой эле Матраимовдордун өкүл балдарына, туугандарына “бул жакта орун жок” деп белгилеген. Ал эми ЖК депутаты Искендер Матраимов өткөн жумада Ала-Арча резиденциясында өткөн парламент жыйынына катышпай, кесиптештеринин бирине ишеним кат берген. Ички иштер министрлиги Раим Матраимов изделип жаткандыгын билдирүүдө.

Булак: "Майдан.kg" газетасы