Бул маалыматты ЖАМКтын басма сөз кызматы бүгүн, 14-октябрда билдирди.

«Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жаза өтөөдөн баш тартуу болуп катталды», - деп айтылат билдирүүдө.

12-октябрда Сапар Исаков, Албек Ибраимов, С.К.Куланбаев, Б.Ж.Куланбаевге эркиндикке чыгууга берилген уруксаттын мөөнөтү аяктаганы жарыяланган.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 6-октябрда Жазык-процессуалдык кодексинин 97-беренесинин негизинде абактын аймагынан чыгууга уруксат берилген адамдар буга чейин жазасын өтөп жаткан мекемелерге кайтып барышы керек. Бул талапты аткарбагандарга укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт.

Буга чейин С.А.Авазов, Д.С.Мусакеев, Р.К.Төлөгөнов, А.Р.Калиев жаза өтөө мекемелерине кайтып барышкан.

Булак: Баракелде