Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын төрагалыгына Сагынбек Абдылдаев премьер-министр Садыр Жапаровдун жарлыгы менен дайындалганын айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Сагынбек Абдылдаев Финполициянын полковниги, 52 жашта. Бул тармакта 13 жылдан бери иштеп келатат. Ага дейре улуттук коопсуздук жана бажы кызматтарында эмгектенген. Юридикалык жана экономикалык эки жогорку билимдин ээси.