УКМК  жакында ИИМге өзүн өзү көрсөтүп министр болгон жана эки күндөн кийин эмгек жамааты тарабынан кубаланып чыгарылган Курсан Асановду кармаганы белгилүү болду. Ал массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен кармалганы айтылды. 

Бул тууралуу коопсуздук кызматынан билдиришти. 

Анда айтылгандай, 10-октябрда УКМК менен ИИМ ыкчам издөө иш чараларын өткөрүп, анын негизинде Курсан Асановду кармаган. 

Буга чейин Алмазбек Атамбаев, Канат Сагымбаев, Дамир Мусакеев Кой-Таш айылынан кармалган. Андан кийин Фарид Ниязовдун кармалганы белгилүү болгон.