Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдиришти.
УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 10-октябрда массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча Алмазбек Атамбаев, Канат Сагымбаев жана Дамир Мусакеев да кармалган.
Учурда ведомстволор аралык тергөө-ыкчам тобу аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого жана камакка алууга багытталган иш-чараларды улантууда.
Булак: Кабар