Бүгүн, 10-октябрда Садыр Жапаров өкмөт үйүнүн алдында митингге чогулган тарапташтарынын алдына келип, сөз сүйлөдү.
Аны бүгүн саат 12:00гө «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чакырышканын, ал жакка барып, айрым депутаттар жана президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканын билдирди.
«Түнкү саат он экиде резиденцияга чакырышкан. Депутаттардын катышуусунда президент менен жолуктук. Кырдаалды тезирээк мыйзамдуу жолго салууну талкууладык. Президент качан десеңер арыз жазып, өз каалоом менен кетем, депутаттар чогулсун, жыйын болсун деди. Төрттө чогулабы, белгисиз. Айрым депутаттар кворум кылбай, чогулбай жатышыптыр», - деди Жапаров.
Ошондой эле «Ала-Тоо» аянтындагы аскерлер митингчилерге тиешеси жок экенин айтып, тартипке чакырды.
Андан тышкары жан сакчылары жана унаалары берилгенин кошумчалады.
Андан кийин Садыр Жапаров кайра резиденцияга кеткенин айтты.
Булак: Баракелде