Ага катышып сөз сүйлөгөндөр өлкөнүн ар кайсы облустарынан келгенин айтышууда. «Говори ТВ» каналынын Интернеттеги түз эфиринен бул митингге жүздөгөн адамдар катышып жатканын көрсө болот.

Митингдин модератору: «Садыр Жапаров бүгүн элге чыгып сөз сүйлөбөйт! Анын жашоосуна коркунуч жаралууда. Бирөөлөр «атып кетебиз» дегенинен сыртка чыгып, эл аралабаңыз деп койдук», - деди.

Сөз сүйлөп жаткандардын жана модераторлордун ким экени айтылган жок. Ошондой эле уюштуруучулар кечки ысык тамак уюштурулганын, чогулгандарды тарап кетпей, Жапаровду колдоп туруп турушарын улам-улам айтып жатышат.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы түшкө чейин бул митингди түз эфирде чагылдырып, бирок ага катышып жаткан айрымдардын опузасынан кийин митингден кетүүгө аргасыз болгон.

Булак: Азаттык