Ага тагылган айыптар өз убагында ачыкталган эмес, тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу деген шылтоо менен элге жарыяланбай, “мурда ачылган кылмыш иштеринин негизинде” деген билдирүү менен чектелген. Кийинчерээк кытай ишкерлерине ыдык көрсөттү деп чыгышты. Кылмыш иши ачыкталбаса, тагылган айыптар такталбаса, анда бир гана божомол калат – ал саясий куугунтук. Мына ушул божомолдун чындыгын убакыт далилдеди.
Рустам Маманов кыргыздын патриот уулу катары таанымал. Ал көп аракетин кыргыз элинин тарыхын изилдөөгө, улуттун баалуулуктарын тактоого жана кайрадан элге сиңирүүгө жумшаган. Ата-бабаларыбыздын тарыхын изилдеп Россия, Кытай, Түркияга чейин барып, 40 томдук санжыранын басылып чыгышына демөөрчү болгон. Элдин, улуттун кызыкчылыгына карап иш кылган, мекенин сүйүү жагынан алдына адам чыгарбаган меценат бийликке эмнеси менен жакпай калганы ушул убакка чейин табышмак. Болбосо, бул адамдын өз улуту үчүн кылган ишин Түрк өкмөтү таң калуу менен жогору баалап, Мустафа Кемаль Ата Түрк атындагы ордени менен сыйлаган. Андан тышкары Россия бийлиги да Петр 1дин 2-даражадагы орденин аяган эмес. Бирок башка өлкөлөр баалаган аракет өз бийлигибизде сыйга эмес, куугунтукка татыктуу болду. Бийликти колуна чеңгелдеген бир ууч топтун ичи тардыгы жана көралбастыгы анын өмүрүнүн 2 жылы темир тор артында өтүшүнө себеп болду.
Рустам Мамановдун ишинде түшүнүксүз жагдайлар көп болду. Жогоруда айткандай, камакка алынган алгачкы күндөрдө тийиштүү кызматтар “мурдагы ачылган кылмыш ишинин негизинде камакка алынганын” айткан. Ал иш – жер тилкелерине байланыштуу экени да белгилүү болгон. Бирок кийинчерээк, Мамановду “кытай ишкерлерине ыдык көрсөтүүгө” айыпташты. Сот отурумдары алдын ала даярдалып, кандай чечим чыгараарын судьялар алдын ала билгени куралданбаган көзгө да маалым болуп калган. Ошол убакта Мамановго каршы катуу маалыматтык чабуул башталды. Элге жаманатты кылуунун бардык ыкмалары колдонулду, ал тууралуу “жөө жомоктор” маалымат каражаттарына таркатылды. Ал эми сотто жалган күбөлөр табылды жана алардын чындыкка дал келбеген көрсөтмөлөрү кайра эле ошол маалымат каражаттарына чыгарылды. Ошентип, бийлик көздөгөн максатына жетти, куру жалаа менен кылмышкерге айланган меценат эки жылын УКМКнын абагында өткөрдү. Бирок чындык бар экен, “ак ийилет бирок сынбайт” болуп бүгүнкү күндө эркиндикке чыгарылып, буга чейин баштаган улуттун кызыкчылыгына багытталган бир топ иштерин кайра улантууга мүмкүнчүлүк алды.
Рустам Маманов эл үчүн жасай турган иштериндеги эки жылын жоготту. Бирок күрөш да, күч да, демилге да алдыда. Дээринен мекенине болгон сүйүүсү бар адам тоскоолдуктарга майышпай, караланган, куру жалаага калган сайын улутуна болгон сезимин бекемдеп, ансайын курчуйт деп ишенебиз. Ушул жерден анын жасаган дагы бир ишин белгилей кетели, “кыргыздын келечеги жаш муунда” деген принцип менен Жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн “Билим Ордо” интеллектуалдык оюнуна демөөрчү болуп, жаштардын билимге кызыгуусун ойготууга аракеттенген. Ал бул кылганы менен жаштардын терең билим алууга умтулуусун жараткысы келген жана Кыргызстандын келечегин билимдүү жаштар аркылуу көрө алган. Бизге сөз менен эмес иш менен кыргызым деп күйгөн ушундай атуулдар аба-суудай керек эмеспи. Мындан сырткары улуттун келечегине багытталган, жаш муундардын өркүндөп-өсүшүнө арналган долбоорлору толтура, анын баары элдин эсинде сакталып жүрсө керек.
Мына ушундай эл үчүн күйгөн жигиттерибизди качанкыга чейин куугунтукка кабылтып, бийликке жем кылып беребиз? Бүгүн жигиттерибизди салып берсек, эртең жерибизди алдырабыз, анда мамлекетибиз эмне болот, улутубуздун тагдырына кандай күн түшөт? Биз мындай аракеттерге кайрадан жол бербешибиз керек! Боштондукка чыгышыңыз менен, Рустам мырза! Элиңиз үчүн жасай турган эмгектериңиздин катары көбөйүп, эл уулу катары эл алдында болуңуз!
Булак: "Майдан.kg" газетасы