Ойго келбеген жерден дагы дүйнөнүн оозун Ошту караткан окуя – ар бир кыргызды мүңкүрөткөнү менен, көөдөндөгү дагы бир чындык сыймыктантып да турат.

Аттиң, жүрөк деген үнүн ааламга жар сала албайт тура. Анткени,турмуш чындыгы менен жүрөк абысын.

Мына биздин азабыбыз, бүгүнкү көргөн кордугубуз да ушунда.

Бийлик жана акча бар жерде дайыма чындыктын башы жерге салынып, басынып, мүңкүрөп жүрөрү бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Ал тээ алмустактан бери эле келаткан жашоо кызыгы го.

Бирок, кечээ аянтка кайран кыргыздын жапа тырмак кокустанчындык деп жарылып чыга калганы эч бир акылга сыйбагандай иш болду.Чындыктын өзү дагы селт этип чочуп кетти көрүнөт. Ичибиз ысып, аябай сүйүнүп, эч кимге билгизбей ичибизден кудуңдап жатабыз, бирок ал биздин чындыгыбызга өзүбүз ээ эмес экенбиз да.

Кеп анда деле эмес, колдон тарттырбай жүргөн чындык беле?..

Бар тапканыбыз - бүгүнкү кыргыздын чындык дегенде тура калып, жанды сабап,  кыркылышканга чейин барууга күч таба алган мүнөз күтүп келатканын карачы. 

Качан эле шайлоодо акча алып добуш берген үчүн тууганын, же ата-энесин жектеди эле кыргыз баласы.

Качан эле кыргыз баласы улуу кишинин уятсыз ишин “туура эмес кылып атасың” деп бетке айтып, колго чапты эле. Менталитетибизге туура келбейт эмеспи. Анан ошол менталитетке жамынып алып улуулардын кылбаганы калдыбы?

Ээ, чындык канында жүгүрүп турган кыргыз, бүгүн сенин, бутуңа салынган жагымдуу жалган кишенди аеосуз бырчалап үзүп чыгып, дүкүлдөп аянтка чуркап чыкканың – бул өзүңдү жеңгениң. Ыкшоолук, кайдыгерлик, коркоктукту баса калып сабаганың. Экинчи алдыңан чыккыс кылып, экинчи өмүрүңө доо кетирбес кылып атасын таанытканың.

Ооба, улуу муундун мурунку бийлик эмне сүйлөсө, эмне айтса, эртеңки көрөр күнүн ойлоп, өтө “акылдуулук” (коркоктук) кылып, “сабырдуулук” (кайдыгерлик) кылып баарын көтөрө берген, эмне айтса аткара берген жана унчукпай көнгөн классикалык “адепти” (адатты) кечээги кызыл аянтка чыккан жаштардын үнү, духу биротоло четке кагып, биротоло күүп түшкөндөй болду.

Ошондой эле болсо экен ылайым.

Улуу муундун, айрыкча интеллигенциянын чындык чыркырап, үн кошууга адам керек болуп турган чагында эмнегедир үйүндө башын катып, тымпыйып отуруп калганына деги эле акыл жетпейт. Алар ушунча акылдуу, көрөгөч анан сабырдуубу же чын эле булар коркокпу? Кайдыгерби? Же эмне аларга ушунча эле кыргыздын тагдыры баары бирби? Баары бир болсо анда не кыргызым деп көкүрөгүн кагат тынч жайда, жашоо жакшы убакта, майрамдарда, чет элде, бөлөк-бөтөн көздөргө, кагазга, китепке. Жалганчылар!

Ээ кудай, бүтүн кыргыз эли эң эле шандуу майрамдарын, эл аралык деңгээлдеги сыймыктуу иштерин, дасторконундагы эң эле чүйгүн тамактарын дал ушул Эл артисттерине, Эл жазуучуларына, Эл сүрөтчүлөрүнө, окумуштууларына ыраа көрөт го.

Укмуш кызыктуу той учурунда ошолор эле адам көрүнүп, ошолор эле укмуш көрүнүп, калган калк кумурскадай эле четке сүрүлүп, алардын катарына барууга да моралдык укугу жоктой карапайым калк өзүнөн-өзү басынып берки четте, жалтактап турат го.

А коом азаптуу абалга кептелгенде ошол эл адамдары Эл жазуучулары, Эл артисттери, окумуштуулар, кадыр-барктуу адамдар ошентип бараандуу көрүнүп, калдайып, жанагы чүйгүн тамак жеп, укмуш сый көрүп жаткан убактагыдай сүр менен карапайым элди канатына калкалап, тамак жеп атканда  ары тургузуп койгондой, ары тургузуп коюп сүйлөсө жарашпайбы ыя?

Же эмне интеллигенция аш-тойлордо гана бараандуу сүйлөгөнгө жаралды беле? Э кокуй, эмнеге алар “мага сыйлык бербей коюшту” деп чындыгын чыркырап издегендей эл кырылып атса, чындык жерде жатса чыркырап чуркап келбейт ыя? Ыя кокуй, эмнеге Президент добушту сатууга жол берип атса, дүйнөнү багындырган талант катары, ааламды багындырган окумуштуу катары, даанышман катары бири чыгып Президентти тартипке чакырганга жарабайт ыя?

Көкүрөктө намысынан башка эч нерсеси жок жаштар күн дебей-түн дебей чындыктын орношу үчүн, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тынчтыгы үчүн, эртеңки Кытайга карыз үчүн жем болуп калбаш үчүн тикесинен тик туруп, азап жеп жатканын телевизордон үйүндө жылуу-жумшак отуруп алып, шашпай ысык чай ичип көрүп отурган жосунуңар жолдо калсын интеллигенция!

Адам баласы байлыгын да, бийлигин да, бактысын да жоготсо табат экен. Бирок, жаштардын алдында кадыр-баркын жоготуп алса, аны кайра табуу мүмкүн эмес.

Жаштардан эми силер кайра сабак алып, жашоону кайра баштасанар да жарашат.

Улуулар өмүрү колго түшүп көрбөгөн, өмүрү колго кармап көрбөгөн чындыкты алар баштарына таажы кылып кийип алышпадыбы? Аай, бир шорубуз ушунда болду, ошол таажы өмүрү эч кимдин колуна тийип көрбөгөн, жетсем деп ар бири акактап жүргөн адеми, кооз, укмуш баалуу экенин кайран жаштар сезе алганы жок. Ооба, алар сезе алмак эмес. Анткени, алар ага даяр эмес эле...

Мына, эми ушуларды ойлоп отуруп башаламан ойлордун жетегине сүңгүп кеттик. Баарыбыз азыр ар кайсы тереңдикте жүрөбүз. Адаштык!

Илгертеден бери билип-билбей издеп жүргөн бир иштин оңтою келип тургандай. Айталы деп көкүрөктө бышырып, даярдап жүргөн ойлордун, сөздөрдүн айтууга учуру келип тургандай. Жасайлы деп бир ыңгайын күтүп жүргөн иштерди жасоого мезгил келгендей ар бир кыргыз азыр ушунчалык толкундануу менен, ушунчалык бир жаңы дем менен менен ар кайсы бурчта апкаарып отурган чагыбыз.

Бирок, эмнеден баштайбыз? Ким менен баштайбыз? Кантип баштайбыз?

Жок дегенде ушуга акыл айтканга жараар эми улуу муун.

Кыял Тажиева