×

Ошибка

Resource not found (14:21 min ago).

- Революцияны эл жасады, алардын башында турган лидерлердин да албетте, эмгеги болду. Эл акыйкатсыздыкка каршы толкуду. Акыйкаттуулукка жетпей калган партиялардын ызасы президентти качырды. Дагы бир жолу жарга капталып турган чагыбыз. Эми эмне болот? Айрым лидерлер, бети жоктуктун, ыймансыздыктын үлгүсүн көрсөтүп жатасыңар?! Ар кимиңер өзүңөрдүн талапкерлериңерди кызматка коюш үчүн колдон-буттан алып сүйрөп келип жатасыңар. Ким президент болоорун сүйлөшүп чечип алсаңар болбойбу?! Бир жолу өз амбицияңар үчүн эмес, Кыргызстандын амбициясы үчүн иштеп койсоңор болбойбу?! Ачуу сабактар жетиштүү болгон жокпу?! Бардык жерде басып алуулар, 2-3 киши барып, бирин министр, бирин башпрокурор кылып шайлап жатасыңар! Калган партиялардан сурап атасыңарбы? Алар укса кайрадан ызы-чуу болобу? Кыргызда “жети атасын билбеген кул” дейт, 12 саат мурда эмне болгонун унутуп калдыңарбы?! Кара мүртөз болбогула! Ушунчалык өкмөт башчылык зарыл болсо, “ак кагаз, кара кагаз” кылып чечип алгыла. Көшөгөнүн ары жагындагылар жана бери жагындагылар, башыңарды кошкула! Эки жаат болбосоңор анда, силер анык өз башыңарды ойлогон, Кыргызстандын келечегин уруп ойнобогон, амбицияңар аттын башындай, бирок өзүңөр майда адамсыңар!

Булак: "Майдан.kg" газетасы