Россиянын оппозициялык саясатчысы Алексей Навальный Твиттерге “Кыргыздар кыйын” деп жазды. 

Эске салсак, бул саясатчы 20-августта Томск-Москва багытындагы учакта өзүн жаман сезип, учак Омскка шашылыш түрдө конгон. Саясатчы ооруканага жеткирилери менен комага түшүп калган. 22-августта Германиядагы ооруканага жеткирилген. Европалык көз карандысыз лаборатория алган анализдердин жыйынтыгынан кийин “Навальный ууланган” деген тыянакка келишкен. Ал эми Владимир Путин мындай тыянакка: “Ууну ал өзү эле ичип алган болушу керек”, - деген пикирин билдирген. 


 Булак: "Майдан.kg" газетасы