Коомдук телеканалдын "Ала-Тоо 24" жаңылыктар каналынын элүүдөй кызматкери иш таштады. Анткени, аларга телеканалга жаңы келген жетекчи болуп Чынар Капарованын келгени жаккан эмес. Мындан улам алар Координациялык кеңешке, азыркы бийликке келген адамдарга кайрылуу жолдоду.
"Өздөрүн элдин атынан келдик деген адамдардын тобу башаламандык уюштуруп, продюсерди мыйзамсыз кызмат ордунан кетирип, шайлоого аттанган “Бир Бол” партиясынын өкүлдөрү мамлекеттик стратегиялык объект болгон “Ала-Тоо 24” каналын басып алууга аракет кылышты. Координациялык кеңеш мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп алууну мыйзамсыз деп атады. Координациялык кеңеш эч кимди, эч жакка басып алууга жибербегендигин айтты. Бирок, өздөрүн элдин атынан деп тааныштырган 20 чакты адам бир каналдын тагдырын чечүүдө. Кечээки митинг кресло талаш үчүн болду беле?! Башаламандыкка ким жооп берет?! Мыйзам кайда калды?!"- деп жазышкан “Ала Тоо 24” жаңылыктар каналынын журналисттери.
Булак: "Майдан.kg" газетасы