Президент Сооронбай Жээнбеков “Би-Би-Сиге” өлкөдөгү соңку окуяларды: “бийликти мыйзамсыз басып алуу аракети”- деп мүнөздөдү.

“Алардын максаты шайлоонун тыянагын жокко чыгаруу эмес, өлкөдөгү туруктуу абалды бузуу болгону көрүнүп турат. Аягында келип эле президентти кызматтан кетирүү максатын көздөгөнү ачык-айкын болуп турат. Баарыбыз көрүп жатабыз, эрте менен бири, түштөн кийин бири кызмат талашууда. Тилекке каршы, эки ирет ушундай олку-солкудан өткөн Кыргызстаныбыз кайрадан ошондой абалга туш болуп калды. Тараптардын баарын мындай ишти токтотууга чакырат элем”,- деди президент Жээнбеков.
Кечээ Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу да кайрылуу жасаган.
“Урматтуу мекендештерим! Кечээ түнү айрым саясий күчтөр мамлекеттик бийликти мыйзамсыз тартып алуу аракетин жасашты. Шайлоону шылтоо кылып коомдук тартипти одоно бузушту. Шаар тургундарынын тынч жашоосуна бүлүк салышты. Тартип сакчыларына баш ийбей, медиктерди сабап, имараттарды талкалашты. Кан төгүлбөсүн, бир да жарандын өмүрүнө коркунуч келбесин деп, күч органдарына ок чыгарбагыла деп буйрук бердим. Азыркы учурга чейин кырдалды курчутпоо үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын жасадык. Мамлекеттин тынчтыгы, коомдун стабилдүүлүгү ар кандай депутаттык мандаттан бийик. Мен Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузууларды терең изилдеп, зарыл болсо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуш кылдым. Саясий партиялардын лидерлерине өз тарапкерлерин тынчытып, чогулган жерлерден чыгарып кетүүсүн сунуштайм. Бардык мекендештеримден тынчтыкты сактап, чагымчыл күчтөргө алданбай, мыйзамсыз кадамдарга барбоону суранам. Өлкөбүздүн тынчтыгы, коомубуздун коопсуздугу баарынан кымбат. Бардык күчтөрдү өлкөнүн тагдырын саясий амбициялардан бийик коюп, укуктук талаага кайтууга чакырам”,- деди президент Жээнбеков.

Булак: "Майдан.kg" газетасы