Бишкекте Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун тарапкерлери өкмөт үйүнө чогулушту. Митингчилер "Садыр" деп кыйкырып жатышат.
Нааразычылык акциясы эртең менен башталган, бирок эми ага мурдагы парламентарийдин тарапкерлеринин тобу кошулду.
Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары аны убактылуу өкмөттүн башчылыгына көрсөтүшкөн, бирок оппозициялык партиялардын өкүлдөрү жана жарандар анын дайындалышына каршы болушкан.
Булак: vesti.kg