Бишкектеги митинг учурунда жабыркап, каза болгон жаран 19 жаштагы Лейлек районунун Кара-Булак айылынын тургуну. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Кечээ, 6-октябрдагы маалымат боюнча 686 жабырлануучу ооруканаларга кайрылды. Алардын 521ине амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйүнө чыгарылды.
164 жабырлануучу ар кандай оор жаракат менен ооруканаларга жаткырылды. Анын 7си жандандыруу бөлүмүндө. Бир жабырлануучу каза болду.
- Бишкек Травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 313 адам кайрылган, анын 75и ооруканага жаткырылды, үчөө жандандыруу бөлүмүндө.
- Улуттук госпиталга 215 бейтап кайрылган, анын 88и ооруканага жаткырылды, 4 адам жандандыруу бөлүмүндө, бир жабырлануучу каза болду.
- Бишкек шаарындагы №1 ооруканага 30 адам кайрылган, анын 23үнө жардам көрсөтүлүп, үйүнө жөнөтүлдү, жетөө ооруканага жаткырылды.
- Чүй облустук ооруканасында ушу тапта үч адам бар, анын бирөө жандандыруу бөлүмүндө.
- Улуттук хирургия борборуна 15 жабырлануучу түшкөн. Анын 13ү ооруканага жаткырылган, калган экөө амбулатордук эмделүүгө жөнөтүлгөн.
Булак: "Майдан.kg" газетасы