Кыргызстанда болуп жаткан окуялар боюнча экс-президент комментарий берүүдөн баш тартты

Курманбек Бакиев “РИА Новости” агенттигинин суроосуна: “Кыргызстандагы окуяларды жүрөгүм сыздап кабыл алат”- деп билдирди, бирок комментарий берүүдөн баш тартты.
“Мен айткан ар кандай сөздөрдү деструктивдүү күчтөр чыр-чатакты козгоо үчүн колдонушу мүмкүн экендигин эске алганда, мен азырынча комментарий берүүдөн алыс болом”,- деди ал.
К.Бакиевдин жакын санаалашы Аскат Тейит Бакиев орусиялык журналисттер менен сүйлөшкөнүн тастыктады.


Булак: "Майдан.kg" газетасы