Өкмөттүн Нарындагы өкүлү, орун басары жана Нарын районунун акими кызматтан арыз жазып кетишти. Учурда облуста тогуз кишиден турган уюштуруу комитети түзүлдү. 

Алар өз каалоосу менен арыз жазганы менен кызматын өз каалоосу менен ташташпады. Атайын топ губернаторго жолугуп, абалды түшүндүргөндөн кийин кызматтан кетүүгө макул болгон. Шаардык активисттер шайлоодо кол алдындагыларга кысым көрсөткөн жана добуш сатууга аралашкан жетекчилердин тизмесин түзүп, аларды чакырып, арыз жаздыруу милдетин моюнуна алышкан. 
Ошол эле учурда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев да арызын жазды. Бирок анын кетишине жергиликтүү тургундар макул болушпады. Ошондуктан, Түлөбаев жаңы бийликтин жаңы чечими чыкмайынча, эл менен бирге боло турууну туура деп тапты. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы