“Мекеним Кыргызстан” партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин колдогон билдирүү таратты. Ошондой эле, партия Ош шаардык кеңешинин төрагасы, аталган партия менен парламенттик шайлоого барган талапкер Жапар Ормоновдун митингчилер тарабынан сабалышы тууралуу да айткан. 

“Бүгүн Ош шаарындагы митинг маалында биздин партиянын талапкери, Ош шаардык кеңешинин төрагасына кол салуу болду. Азырынча анын канчалык катуу ур-токмокко алынганы тууралуу бизде маалымат жок. Биз маалымат күтүп жатабыз. Биздин элибиз акылмандык менен ар дайым бардык маселелерди тынчтык жолунда чечип келген. Баарыбызга стабилдүүлүк жана тынчтык керек. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы тынчтыкты сактоону жана ар бир жарандын ден соолугун баарынан бийик коет”,- делет билдирүүдө. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы