Ак үй алынгандан кийин колониядан бошотулган экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлери Ысык-Көл облусунан Бишкекке келишти. Бул тууралуу журналист Болот Темиров Facebook баракчасына жарыялады.
Ал арада борбор калаада Жапаровду Кыргыз Республикасынын жаңы премьер-министри кылып дайындоону талап кылган митинг өтүп жатат.
Булак: vesti.kg