Өкмөттүн имаратындагы Координациялык кеңештин жыйыны аяктады. Буга терезелердин астында өткөн митинг себеп болгон.
Учурда кырдаал кызуу жүрүп жатканы, ага байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын кийинки отуруму башка жерде өткөрүлөрү кабарланды, бирок, коопсуздук максатында азыр дареги көрсөтүлгөн жок.
Ордо партиясынын өкүлү журналисттерге парламент депутаттары өкмөттүн курамын шайлай тургандыгын билдирди.
- Өкмөттүн аппараты өз ишин алып барышы керек, суукка даярдануу керек. Эми бул жерден кетип, өкмөт үйүн жабабыз. Кийинки жолугушуу техникалык өкмөт дайындалгандан кийин болот, деди ал.
Источник: vesti.kg