- Садыр мырза, абактан чыгышыңыз менен...

- Рахмат, мени ушунча жылдардан бери колдоп келе жаткан элге чын дилимден ыраазычылык билдирем. Бирок, абактан мындай жол менен чыгып кетем деп ойлогон эмесмин.

- Шайлоонун жыйынтыгы ушундай болот деп күттүңүз беле?

- Абдан ыплас, мурда болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен өттү. Бийликтин партиясы менен элдин иренжиткен фигура Раим Матраимовдун “Мекеним Кыргызстан” партиясы элди ачык эле сатып алып жатты. Муну бардыгы көрүп-билип жатты. Ошондуктан да нааразычылык акциясына он миңдеген адамдар келди. Алардын талабын угуп, мойнуна алгандын ордуна, бийлик “шайлоо таза өттү”- деп огобетер элдин кыжырын келтирип алды. Жыйынтыгын азыр көрүп жатасыздар. Өлкөдө хаос, башаламандык. Ошондуктан да биз бүгүн баарын укуктук талаага алып келүүгө аракет жасап жатабыз. Өз алдынча кызматтарды басып алууларды, мыйзамга каршы келген нерселерди жасоодон оолак болууга тийишпиз. Азыркы учурда легитимдүү бийлик бутактары – канчалык жаман көргөнүбүз менен Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы жана президент. 

- Абактан чыккандан кийин кандай сезимдерге тушуктуңуз?

- Чындап айтканда, өлкөдө түзүлгөн кырдаалды ойлоп, жүрөгүм ооруду. Элди ушундайга жеткизбеш керек эле. Кыргызстанга азыр тынчтык менен стабилдүүлүк аба-суудай керек. Ансыз да экономика араңжан абалда турат. Тезинен эл ишениминдеги өкмөттү түзүп, Башмыйзамды өзгөртүп, шайлоо системасын өзгөртүп, кайрадан парламенттик шайлоо жарыялашыбыз керек.

Булак: "Майдан.kg"