Урматтуу мекендештер!

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, биз парламенттик шайлоого бир катар себептерден улам катышкан эмеспиз. Анын биринчи себеби өлкөдөгү пандемия болсо, экинчиси бул шайлоодо эл партиялар сунуштаган идея, программа үчүн добушун берген жок. Бул шайлоодо аң сезим менен напсинин, калыстык менен кайдыгерликтин ортосунда кармаш болду. Мындан улам БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.

Өткөн шайлоодо акча менен админ ресурстун басымы терс натыйжа берерине күбө болдук. Ошондуктан, парламенттик шайлоо ачык, таза, калыс өтөт деп ишенем.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы мамлекеттин казынасына кол салбаган, интригаларга аралашпаган таза адамдардан турат. Андыктан, келээрки шайлоого катышуу чечимин кабыл алдык.

Булак: Элгезит