Жогорку сот буга чейин Садыр Жапаровго карата чыгарылган чечимдерди жокко чыгарганын жана ишти кошумча тергөөгө жөнөтүлгөнүн билдирди.
Жапаров абактан 6-октябрга караган түнү чыккан.
Жогорку соттон бүгүн, 7-октябрда АКИpress агенттигине Жапаровдун акталганынын жагдайларын айтып беришти.
Жогорку соттун маалыматына караганда, сот Садыр Жапаров жана анын адвокаты З.Базарбековдун буга чейин чыккан соттук чечимдерди жокко чыгаруу жана жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра карап чыгуу жөнүндө өтүнүчүн караган.
Башкы прокуратуранын өкүлү да (аты аталган жок) сот отурумунда Садыр Жапаровдун өтүнүчүн канааттандырууну суранган.
«Жазык-процесстик кодексинин 446-беренесинин 1-пунктунун, 442-445-беренесинин негизинде соттук коллегия Садыр Жапаровго карата чыгарылган буга чейинки чечимдерди жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүчтү канааттандырып, ишти Башкы прокуратурага кайра тергөөгө жөнөттү», - деп айтылат маалыматта.
Булак: Баракелде