Бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаарынын комендантынын милдетин аткарып жаткан Курсан Асанов Эски аянттагы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин саптык кароосунда сөз сүйлөдү.
«Тартипти калыбына келтирип, жарандардын коопсуздугун ойлош керек. Буга чейин кандай иштеп келсек, ошондой иштей бериш керек. Азыртан баштап жер-жерлерде толук кандуу кызмат өтөөгө чакырам», - деди Асанов.
Ал бардык маселелер мыйзам чегинде чечилерин билдирди.
«Азыр айрым күчтөр куралдары бар экенин, баш аламандыктар жөнүндө ушактарды таратып жатышат. Мен иштеп жатканда кан төгүлбөйт. Саясий партияларды сүйлөшүүлөргө чогулууга жана маселелерди мыйзам чегинде чечигүүгө чакырам», - деди Асанов.
Булак: Баракелде