УКМКнын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп өзүн өзү дайындаган Өмүрбек Суваналиев кайнагасын кызматка дайындаганы тууралуу журналист Канышай Мамыркулова соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. 

"Өмүрбек Суваналиев УКМКнын АКСына өзүнүн кайнагасы, генерал, баягы Кубатбек Кожоналиевди коюп алыптыр. Өлөсүңөр го таза..." - деп жазды Мамыркулова. 

Өмүрбек Суваналиев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан ЖК депутаттыгына талапкер болгон. Көтөрүлүштөн кийин биринчилерден болуп кызмат "басып" алган.