Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүүгө чакырды.
Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчисинин маалыматына караганда, жыйын кворум толсо бүгүн өтөт.
Учурда жыйын өтө турган жер талкууланууда. Себеби бүгүн, 6-октябрга караган түнү Жогорку Кеңеш жайгашкан Ак үй митингчилер тарабынан алынган.
Булак: Баракелде