Коомдук телерадио көрсөтүү корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңеши КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу кылып Жылдыз Бакашованы шайлады.

Буга чейин ал Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын директору болуп келген.

Ошондой эле "Ала-Тоо 24" каналынын жаңылыктар кызматынын башкы редакторунун милдетин аткаруучу болуп Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин журналистика факультетинин деканынын орун басары, улук окутуучусу Чынара Капарова дайындалган.

Источник: Кабар