Дагы деле элдин талабы, каалоосу менен иш алган эч ким жок. Аянтта эл дүрбөп жаткан маалда төрт саясатчы чогулуп алып кызмат бөлүштүрүүгө киришкенин "Марал" радиосунун сайты жеке булактарына таянып жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда ал саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Жеңиш Молдокматов, Мирлан Жээнчороев жана Жанар Акаев.
Алар премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду коюуну каалашканы айтылат.
Эске салсак, бир нече сааттын ичинде айрым мамлекеттик жооптуу кызматтардын убактылуу жетекчилери пайда болду. УКМКга Өмүрбек Суваналиев, Башкы прокуратурага Алмамбет Шыкмаматов, ЖАМКга Мелис Турганбаев, ал эми Бишкек шаарынын комендаттыгына Курсан Асанов дайындалган.