Саясий буйрутма менен камакка алынган кыргыздын патриот уулу Рустам Маманов эркиндикке чыкты. 

Ош облусунан чыккан патриот элдин уулу Рустам Маманов 2018-жылдын 8-майында узурпатор бийлик тарабынан саясий туткунга айланган. Бир гана өзү эмес, үй-бүлөсү, туугандары, жакын жоро-жолдоштору да  коркутуу-үркүтүүлөргө, бизнестерин тартып алууга, жалган жалааларга дуушар болгон. Бийлик мыйзамдын баарын бузуп, күнөөсү жок болсо да туура келбеген беренелер менен жасалма айыптарды тагып абакка камаган. Сотторго басым жасалып, жалган күбөлөрдү кошуп, бийлик каалагандай көрсөтмө берген ортомчулар бошотулуп, чындыкка дал келбеген айткандары маалымат каражаттарына таркатылган. "Ак ийилет бирок сынбайт" демекчи бүгүн патриот уулубуз абактан чыкты.  

Кыргызстанда 4-октябрда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл 5-октябрда митингге чыгышкан. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү митингчилер Акүйдү алышкан. Аны менен катар саясий буйрутма менен абакта жаткан Садыр Жапаровду да эркиндикке чыгарышкан.