Пийлустар: Сиздер жектеген алтынчы чакырылыштан 5 партия оюндан чыкты. Шайлоо күн уруш-мушташы жок тынч өттү. Көптөрдүн кыш алдында жарым тонна көмүргө акчасы жетмей болду:-))). Кур дегенде, Мадумаров сыяктуу бир келишпес оппозиция жаңы парламенттен орун алмакчы болуп турат. Фейсбуктагы ач кыйкырыктар, акылман-философиялык монологдор жалпы элдин оюн билдирбей турганын түшүндүк. Башка оппозциялык партияларга жана жаш саясатчыларга бул шайлоодон сабак алып, өздөрүн мындан арды да такшалтууга мүмкүнчүлүк ачылды.
Ал эми мыйнустарын түнү менен ушул жерге зээрикпей жазып чыгыпсыздар, досторум.
Көптөрүңүздөрдүн сабырыңыздар суз. Ушуну менен бүттү. Көчүп кетебиз дегендей сөздөр менен ачууга алдырбаңыздар. Өзүм да чет өлкөдө бири катар жыл жашаган атуул катары айтам: Мекен бирөө эле, башка Мекенди бизге эч ким бербейт. Жетинчи чакырылыштын мөөнөтү деле бүтөт. Беш жыл деген эртең эле келет. Андан көрө мамлекетибизге тынчтык, элибизге аманчылык тилейли. Алдыдагы митингдер да тынч өтсүн, ылайым.
Эки революцияны көрдүк. Ошондо да бүттү, мамлекеттүүлүктөн калдык деп баары үшкүрүндү эле. Кудайдын кудурети менен дагы деле Эркин Мекенибиздин абасынан терең-терең дем алып, БАКТЫЛУУБУЗ.
Мына мен мамлекеттик кызматта турганыма карабастан, шайлоо учурунда калыс пикирди карманууга аракет кылдым. Добушумду бийликчил эмес, оппозициялык партиялардын бирине бердим. Мага окшош миңдеген мамлекеттик кызматкерлер ошентти деп ойлойм. Андыктан, бири-бирибизди жемелегенди токтотуп, иштейли эми. Сүйүктүү Мекенибиз үчүн - Кыргызстаныбыз үчүн билек түрүп иштейли.
Ибраим Нуракун уулу, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси