Мен шайлоодо жеңип чыккан партиялар үчүн кубанган жокмун, алардын курамындагы кээ бир татыктуу талапкерлер үчүн кубандым. Алардан өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жана элдин кызыкчылыгына багытталган мыкты мыйзамдарды, чечимдерди күтө аламын.

ЖКга өтпөй калган партиялар үчүн кайгырган жокмун, алардын курамындагы бир топ чыгаан талапкерлердин бийликтеги эл өкүлү болбой калгандарына кайгырдым.

Кыргызстаныбызда бардык партиялардын курамындагы жалаң татыктуу талапкерлер иргелип, күчтүү парламент курала турган күн келеби бекен?!

Добушун саткан шайлоочуларды күнөөлөбөгүлө! Аларда туура тандоо жасоо үчүн билим жетишкен жок. Терең билимдүү, дүйнөлүк өнүгүүгө көз сала билген, саясий жетик жана ак ниет адам өз башына  өзү ээ боло алат!

Кийинки шайлоого азыртан камылга көрүп, билим берүүнү өркүндөтүү керек. Бала бакчалардан тартып, мектеп, окуу жайларына чейин чыныгы билимдүү жана мекенчил жарандарды тарбиялоо аркылуу  адилеттикке жетүүгө болот!

Зинакан Пасанова, жазуучу, акын