Женевадагы азганакай кыргыз чогулуп шайлоого добуш беребиз. Биз үй-бүлөбүз менен сөзсүз барабыз. Анткени мамлекеттеги жападан жалгыз бир кол тийбестигим бул - менин добушум. Эч кимдин, анан калса эч кимдин ага кийлигишкенге, колун эмес, чыпалагын тийгизгенге акысы жок. Анткени добуш бул - абийир башталчу жер, чындык жаралчу жер, тагдыр түптөлчү жер. Эгерде добушту мен кандай аздектеп көтөрүп барсам, аны мыйзам ошондой аздектеп барып ортого салчу болсо, Кыргызстан чоң жолго түшкөн болот. Анткени чоң, зор жолдогу өлкөлөрдүн баары ошентет. Швейцарлардын саатынан, банктарынан, шоколадынан, сырынан сырткары ээң таянган дагы бир таянычы бул – алардын түз демократиясы. “Сен кимге салдың, сен кайсыны колдойсуң?” дешпейт. Анткени алар добушун колун көтөрүп туруп, колуна сыйлаган адамын, партиясын, мыйзамын, же бир өзгөрүүнү, мыйзамды ачык жазып туруп “Мен сендикмин” деп ачык добуш берет. Ошондо эч ким сени алдай албайт. Булардын түз демократиясы ушул. Түз демократиянын мааниси – жарандардын мамлекеттик башкарууга аралашканга, кийлигишкенге, мамлекеттик эмне чечим болсун аны акылдашканга, чогуу чечкенге акысы, укугу бар экендиги. Мына! Элдин күчү, элдин бийлиги деген ушул. Бизчилеп мамлекет тагдыры бир кабинетте же бир жашыруун “жер төлөнүн” ичинде чечилбейт.
Биз эч болбосо “Биздин тагдырды кайсы бир клан жер төлөдө олтуруп алып чечпегиле!” деп кыйкыра алгыдай болушубуз керек, эч болбосо алардын эшигин улам тыкылдатып, тынчын алып, тоскоол болуп, эсине келтиргенге аракет кылышыбыз керек. Жакшыга, чоңго, зорго күрөш деген ошол. Биз жыл өткөн сайын, ай өткөн сайын эскичил жегичтерди, бетинен май тамган коррупционерлерди жерийли. Мекенди сүйгөндү, ардактаганды, татыктуу башкарганды үйрөнө электерге мамилени өзгөртөлү. Бүгүн саясаттын оңундагылар, солундагылар да күндүзү башканы сүйлөп, түнкүсүн башканы кылып… жатышы мүмкүн. Анткени көбүнчө ушундай болуп келген... Саясатчылар элди түртүп коюп өздөрү жең ичинен ар түрдүүчө келишип ала беришет. Артында чырылдап дайыма эл калат. Бул демек, баарыбыз саясий билип-таануубузду көтөрүп, ашкере аялуу болбой, алдыга, жакшыга өзгөрүүнү каалагыч, ошону карай беттегич бололу. Эл ичинде андай күч бат эле жаралат жана бат эле биригет.
Парламенттик шайлоо да өтөөр. Алдыда мындан чоң тагдыр чеччү учурлар келээр бирок Өзгөрүүнүн бир кадамын жасашыбыз керек. Ал кадам жасалбаса эмки ажолук шайлоодо да жасалбайт. Андан кийинкисинде да жасалбайт. Ошол үчүн ушул жолу өзүбүзгө эмес Мекенге ырым кылып көрөлү. Акыр аягы (!!!) бир өзгөрүү болсунчу! жеримде деп көрөлү. Бул демек, өлкөдөгү кырдаалды, абалды ичибизден туура анализдеп туруп, эч кимдин кийлигишүүсү жок өзүбүздүн тандообузду тандап көрүү. Бизде оңолуп кетүү үчүн башка айла, колубузда башка сыйкыр таяк жок бирок адилеттүү добуш берүү бул - сыйкыр таяктын сабына колубузду жакындатканга барабар болот.
Эки күндөн соң шайлоого барам. Кыргыз көрө элегибизге көп болду. Барып мекендештерди көрөбүз. Учурашабыз. Аңгеме курушабыз. Кыргызга кыргыздан башка кыргыз жок. Кыргызга Ала-Тоодон башка Мекен жок. Аны планетаны жүз кыдырсак да башка жерден таба албаспыз! Бар болсун алтындан артык Жер!
Жеңишбек Эдигеев