- Эки күндөн кийин парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Бул окуяга карата ойлоруңуз, көз карашыңыз?
- Шайлоонун көйгөйлөрүн 1990-жылдардан бери айтып келатам. Азыркы шайлоого 16 партия катышууда. Бул өтө көп. Алдыдагы шайлоодо булардын бири да көпчүлүк же басымдуу көпчүлүк добуш ала албайт. Анткени, добуштар өтө эле майдаланып бөлүнүп кетет. Демек, бир да партия өз алдынча өкмөттү түзүп, анын жоопкерчилигин ала албайт. Парламент жоопкерчиликтүү, олуттуу учурларда чайналып, майда фракциялар бир пикирге келе албай, ар кимиси ар кандай сунуштарды киргизип кыйналып отура берет. Дүйнөдөгү демократиялык мамлекеттерде 3-4төн эле партия бар. АКШда 9 партия болсо, негизгиси экөө; республикачылар, демократтар. Парламентте көпчүлүк орунду ээлегендер өкмөт, анын иши үчүн түздөн түз жоопкерчиликте болушат. Парламентте майда фракциялар мезгилинде, күчтүү өкмөт,ишенимдүү саясый туруктуулук болбойт. Аны Кыргызстандын акыркы жылдардагы тажрыйбасынан көрүп келатабыз.
- Биз цивилдүү чыныгы парламенттик жолго качан түшөбүз?
- Ал үчүн босоголук чек 7 эмес, 10 пайыздан кем болбошу керек. Мурдагы 9 пайызды майда партиялар биз да эптеп парламентке өтсөк деген ойдо 7 пайызга түшүрүп салышты.”Босоголук” чек жогору болсо, багыттары, көз караштары окшош партиялар аргасыз биригишмек. Азыркы шайлоо алдында көптөгөн партиялар биригишти, антишпесе өтпөй турганын түшүнүштү. Биригүү- партсистеманы өнүктүрүүнүн негизги жолу. Аты болгон менен заты жок партиялар топон. Кыргызстанга 3-4 партия жетишет. Мүмкүн, алардын ичинен 2 партия суурулуп чыкмак. Парламентте көпчүлүк орунду ээлегени өкмөттүн ишине, мамлекеттеги абалга керт башы менен жооп бермек. Бул жаатта чоң кемчилик болууда. Өткөн чакырылышта парламентте 5 фракция болду. Алардын иши жакшы болду деген бир да пикир укпадым. Бул жолу андан да көп партия келип, парламент мурдагыдан да начарлап кетиши мүмкүн. Байкашымча, шайлоого катышкандардан 3-4 эле партия активдүү үгүт иштерин жүргүзүп, жарнактарын көчөлөргө илишти. Алар - “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “ Кыргызстан”, “Ата-Мекен”. Негедир калгандарынын көрнөк-жарнактары көзгө илинбейт. Демек, алардын андай иштерге каражаттары жок.
- Бул шайлоого карата үгүт иштериндеги кандай көрүнүштөр сизди өзгөчө тынчсыздандырды?
- “Биримдиктин” лидери Марат Аманкулов деген неме өткөн жылы Россиянын Мамдумасына барганда “Биздин 30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразиянын жалпы аймагында бириккен гана мамлекет Евразияда эгемен мамлекет боло алат” деген сөздөрдү айтыптыр. Эмнени “ойлонуп” кай жакка кайра “кайтуубуз” керек? Мурдагы тоталитардык империялык өлкөнүн курамынабы же аны менен башка нерселерди айткысы келгенби?
Тилекке каршы, ал эл алдында эмнени айткысы келгенин түшүндүрүп бербеди. Россияда мурдагы Союзду кайра кургусу келген күчтөр бар экендиги, аны айрым абыке-көбөштөр да колдошору чындык. Элибиз тарыхта нечен жолу эгемендүүлүккө ээ болуп, көзкамандардын, абыке-көбөштөрдүн айынан эгемендүүлүгүн жоготкон. Бирок, “түгөнгөн сайын түтөгөн” дегендей, улам мамлекеттигин кайра жаратып келген. Манас бабабызга чейин кыргыздын 32 уруу ханы болгон. Ошондо да диктатура болгон эмес. Хандардын баары шайланган. Ата бабаларыбыз үчүн эгемендүүлүк, көз карандысыздык эң бийик,эң кымбат болгон. Манас баштаган улуу баатырлар ошон үчүн күрөшкөн.
1991-жылы кайрадан эгемендүүлүгүбүзгө ээ болдук. Эми М.Аманкуловго окшогон чала саясатчылар (чыккынчы деп аталып атат) андан баш тартууга чакырышууда. Владимир Путин андай идеяларды колдой турганын Белоруссиядагы окуялар көрсөтүүдө. Кызматын сактап калуу үчүн анын Лукашенко деген президент сөрөйү бир айдын ичинде “Россия менен союздаш мамлекет экендигин” бир нече жолу айтты. АКШнын Ричард Паптс деген окумуштуусу болгон. Аспирант убагымда “Россия акыркы он кылымдын ичинде баскынчылык менен империя түзгөн” дегенин окугам. Советтер Союзунун убагында суверендүү республикалар деген куру сөз экенин билебиз. Республикалар суверендүү болгон эмес.
Айрым партиялар административдык-аймактык реформанын зарылдыгын айтышууда. Мен бул маселени 1990-жылдардын башталышында эле көтөргөм. Чакан Кыргызстанга 70тен ашык райшаардык аймактык-адиминистративдик бирдик көптүк кылат. Ирилештирилсе, коррупция азаят, бюджеттик каражаттар үнөмдөлүп, социалдык, экономикалык чөйрөлөргө багытталат. Айрым райондордо 15-20 миңден эле адам бар. Ал эми Сузактын Октябрь айылында жашагандар 40 миңден ашык. Аймактык-административдик тең салмактуулук болушу керек.
- Азыр айрымдар шайлоого барбоого, барса баарына каршы добуш берүүгө чакырышууда. Сиздин бул маселеге карата көз карашыңыз кандай?
- Андай чакырыктардын авторлору аалемдари ашкандар. Алар шайлоого катыша албай, парттизмелерге кирбей калгандарынын ызасын ошентип чыгарышууда. Алар басса-турса ылайым баардык партиялар өтпөй калса экен, анан шайлоого биз катышсак дешип тилешет го. Бардыгына каршы добуш берүүгө чакыргандардын себептери ошол.
Эми парламентке 3-4 же ашып кетсе 5-6 партия өтүшү мүмкүн. Булардын ичинен эң мыкты деген партияны көрө албадым.Алардын арасында жыдыгандар жүрөт.Кечээ эле Атамбаев менен бирге жүрүп, Кой-ташка тынбай каттап мыйзамсыз иштерине аралашкандар депутат болобуз деп жатышат. Өткөн парламентте жыдыгандар, саясый сойкулар, өз алдынча бир да мыйзам долбоорун жаза албаган чала сабат депутаттар абдан көп болду. Алар өздөрүнүн бизнестерин коргоп, өнүктүрүп эле жүруштү.Эми алардын басымдуу көпчүлүгү бул шайлоого катышууда. Жаңы парламентте бирин-серин өз ишин жакшы билген мыйзамчылар болушу мүмкүн, бирок басымдуу көпчүлүгү сапаттык жактан мурдагыдай эле болот.
- Шайлоодон шайлоого атаандаштарды жаманатты кылуунун технологиялары өркүндөөдө. Социалдык тармактарда анын троллдор, фейктер деген формалары пайда болду. Деги эле бул шайлоодо бири-бирин шыбамайлар аябагандай көбөйүп, “шыбакчылардын отряддары” дегендер баш көтөрдү. Бул маселеге Сиздин көз карашыңыз?
- Партиялар бири-биринин реалдуу кемчиликтерин сындашса, бул туура көрүнүш. Бирок, айрым партиялар атаандаштарына, бийликтегилерге жок нерселерди деле жабыштырышууда. “Ата-Мекен” партиясынын лидери Жанар Акаев 8 беттен турган үгүт-жарнамалык тиркеминин 2-бетинде “Только “Ата Мекен” может справиться с семейно-клановым правлением” деп жар салыптыр. Ал азыр үй-бүлөлүк-кландык башкаруу бар дегендик. Эгерде ал “Аскар Акаевдин убагында 14-15 жыл, Бакиевдин убагында 5 жыл үй-бүлөлүк-кландык башкаруу болгон, аны Атамбаев деген алкаш уланткан”- десе мен ага кошулмакмын. Сооронбай Жээнбековдун иштеринде таптакыр кемчилик жок деп эч ким айта албайт.Бирок, ал мурдагылардын үй-бүлөлүк-кландык башкаруусун улантып жатат дегенге кошулбайм, ал чындыкка ылайык келбейт. Андай көрүнүш жок.
Мурдагы алкаш көчөдө жүргөн “кызашка-балашкаларын”, шопур, жансакчыларын эң чоң кызматтарга көтөргөнү аз келгенсип, алыскы, жакынкы өнөктөштөр, кошуналар менен мамилелерди бузду эле, Сооронбай Жээнбеков чапкылап жүрүп эки-үч айдын ичинде абалды оңдоду, чек араларды ачтырды. Кызматташтыкты жөнгө салды.Өзүн эл аралык деңгээлдеги чоң саясатчы экендигин көрсөтө алды. Анын эң маанилүу Чоң Казаты—коррупцияга каршы элдешкис күрөш жүргүзгөнүндө. Атамбаев партиялаш катары жардам берген, бирок эң негизгиси аны эл колдоп президенттикке шайлаган. Жээнбеков президенттикке шайлангандан кийин Атамбаев кадрларына “Жээнбековду укпагыла, Сапар Исаковду гана уккула. Жээнбеков номиналдуу гана мамлекет башчысы болот, иш жүзүндө мен башкара берем” деген көрсөтмө берген экен. Мен аны эң ишенимдүү адамдан уккам. Атамбаев оозуна келгендерди оттоп, мыйзамдуу мамлекет башчысын шылдыңдап, маскаралаганга өттү. Бирок, Жээнбеков чечкиндүүлүк кылып, үч айдын ичинде аны ордуна коюп койду. Бир убакта Атамбаевди мен да колдогом, ал менин катам. Тарыхта өзүнүн элин: ысык-көлдүктөр бандиттер, алардан көрө уй жакшы, нарындыктарды малга теңеп,”сууну гана булгоодо”, таластыктар абыке-көбөштөр,алар эл деле эмес дегендей өз элин маскаралаган мамлекет башчысы болгон эмес. Ушунусу, 1990-жылдардын башында Айтматов СССР жазуучулар союзунан бөлдүргөн 50 миллион рублге Кыргызстандын өнөр жайынын өзөгүн түзгөн 6 чоң заводду сатып алып, өзүнүкү кылып алып талкалагандыгы үчүн да соттош керек болчу.Кийин Айтматов Акаевдин көзүнчө акчаны кайтарбайсыңбы десе, ал алты заводдон түшкөн акчаны жазуучу-акындардын калем акылары үчүн жумшайм деп жанын жеген экен. Кыргызстандын экономикасын кыйратууга Атамбаев эбегейсиз чоң салым кошкон.
- 4-октябрда шайлоо өткөрүлөт. Шайлоочуларга эмнелерди айткыңыз келет?
- Добуштарды сатпоо боюнча көп сөздөр айтылууда. Мурда аны-муну сатып, күндөлүк тиричилигин өткөрүп, өп-чап жашагандарды огобетер жакырлантып салды. Эми алар добуштарын сатканга аргасыз болушат. Көбү эбак эле добуштарын сатышкан, тигил же бул партияга жалданып “мага мынча акча берсең, мен бул айылдан, көчөдөн тигинче добуш алып берем” деп алгандарын актоо үчүн иштеп жатышат. Анан кантип добуштар сатылбайт деп айта алабыз. Сатылып жатат, ал факт.
Аны “№2-форма боюнча добуш берүү” дегени огобетер өрчүттү. Бу шайлоодо 400 миңден ашык адам башка жерлерден добуш беришет экен. Бул адилеттүүлүк, демократия эмес.Эмне үчүн ага Боршайлооком же Өкмөт убагында чек коюшпады? Демек, баары тымызындан макул болуп, тылтыйып отурушат.
Партиялардын көпчүлүгүнүн программаларын карап чыктым. “Республика” партиясы президенттик институтту жоёбуз дептир. Президенттик институт жоюлбайт, укуктары, ыйгарымдары чектелиши мүмкүн. Мамлекет башчысы жок өлкө да болчу беле? Парламенттик өлкөлөрдүн баардыгында монархы же президенти бар. Ансыз мамлекет туруктуу болбойт. 2010-жылы июнда кабыл алынган баш мыйзамда парламенттик республикабыз деп жарыялаганбыз, бирок боло элекпиз. Бизде азыр иш жүзүндө президенттик-парламенттик башкаруу. Болгондо да жогоруда айткандай, парламент өтө начар. Г.В.Плеханов айткандай, тарыхтын эки субьекти бар. Бири-эл, экинчиси- тарыхый инсан. Тарыхый инсан күчтүү болсо, мамлекет алга жыла берет. Сооронбай Жээнбеков ушунчалык аракетчил, иш билги, мекенчил адам экен,парламенттин, өкмөттүн начардыгына карабастан өлкөнү алга сүйрөп баратат. Пандемия учурунда эл аралык каржы уюмдарынан 500 миллион доллардай акча өндүрдү. Аны ким алып келүүдө? Парламенттин же өкмөттүн колдорунан башка жактардан долларларды тартуу келеби? Келбейт.
БШКга чоң дооматым бар.Парттизмелерге киргизилгендердин арасында кылмыш иштери козголгон 55 талапкер бар экен.БШКнын бир жетекчисинен аларды эмне кылдыңар деп сурасам, соттун чечими болмоюнча эч кандай чара көрө албайбыз дейт. БШКнын сотсуз, прокурорсуз деле чечим чыгарганга, ал маселе боюнча сотко кайрылганга укугу бар. Добуштар сатылгандыгы жөнүндө деле маалыматтар көп.Эмне үчүн БШК же” үч тамга”, прокуратура өз милдеттерин толук, так аткарбай жатышат? Бул жерде БШК, анын төрайымы шалакылык кылды, өтө начар иштешти. Канча сын-сунуштар айтылбасын тийиштүү жыйынтык чыгарышпады.
Сөзүмдүн акырында 4-октябрда шайлоочулардын баардыгын тандаган партиялары үчүн добуш берүүгө чакырамын.
Тынчтыкбек Бешкемпиров
Булак: "Майдан.kg" газетасы