Президент Сооронбай Жээнбековдун ушул жумада Венгриядагы расмий сапары экономикалык, инвестициялык жактан гана эмес, маданий планда да жемиштүү болду. Алгач мамлекет башчыбыз бул өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүү жүргүздү.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, кыргыз делегациясы Будапештке 28-сентябрдын кечинде барды, андан кийин бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.
Жээнбеков менен Орбандын жолугушуусунан кийин эки өлкө ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга, Кыргыз-венгр өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндөгү меморандумга жана башка документтерге кол коюлду. Ошондой эле Будапешт шаарындагы бакчалардын бирине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи өттү.
Мындан тышкары Жээнбеков Венгриянын президенти Янош Адер жана өлкөнүн Улуттук жыйынынын төрагасы Ласло Кёвер менен жолугушту. Тарыхчылар менен ошол эле венгерлер өздөрү түбү кыргыз экендигин, Европа чөлкөмүнө Ала-Тоо аймагынан барып калышкандыгын айтып жүрүшөт. Мына ошол тууганчылык сезим менен венгер өкмөт башчысы бизде өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышып, ал тургай ошол маданий-спорттук иш чарага удаалаш өткөрүлгөн Түрк кызматташтык кеңешине да катышып кеткен болчу.
Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте быйыл февраль айында ачылган. 2018-жылы венгр өкмөтүнүн башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен. Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студент Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алышат.
Булак: "Майдан.kg" газетасы